Редакцияот 23.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2022-жылдын 23-сентябры № 107-28

 

“Куликовский” кондитердик үйү” ЖЧКсынын кайрылуусу боюнча

 

“Куликовский” КҮ ЖЧКсынын башкы директору Д.В.Гайворонскийдин канализациялык тармакты пайдалануу үчүн тарифти төмөндөтүүнү карап чыгуу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 37-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. “Куликовский” КҮ ЖЧКсына канализациялык тармакты пайдалануу үчүн суу өлчөгүчкө ылайык 1 м куб – 30 сомдон төлөм жактырылсын.

2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.П. Филимоненко