Редакцияот 18.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПРИГОРОД АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Пригородный айылдык кенешинин 28 чакырылышынын 22-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 18-майы № 59

 

“Жеке турак жай үчүн жер тилкелерин берүү тууралуу”

Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Шеримбековду эки жер тилкесин жеке турак жайды курууга берүү тууралуу угуп, ошондой эле Кыргыз Республкасынын Жер Кодексинин 32, 33-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы №177 токтому менен бекитилген “Жер турак жайды куруу үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө” жобого ылайык, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алуу кезектүүлүк тизмесинин негизинде, талкуулап, пикирлер менен алмашып айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Чуй облусу Аламүдүн районунун сотунун чечимине ылайык Озерное айылынын Западный көчөсү, номер жок дарегинде жайгашкан 0,0426 га жер тилкеси Акинов Чубак Акиновичке бекитилсин.

2. Озерное айылындагы Западная көчөсү дареги боюнча жайгашкан 0,06га эки жер тилкесин тургундарга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга каттоо китебинде катталган арыздарга ылайык берилсин.

3. Пригород айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Шеримбековго аткарууга тапшырылсын.

 

 

Пригород айыл

кеңешинин төрагасы

 

 

Т.Омурзаков