Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 06-03

Нурабад айыл өкмөтүндө социалдык маселелер боюнча 2021-жылда аткарылган иштер жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүндө социалдык маселелер бюнча 2021-жылда аткарылган иштер жөнүндө айыл өкмөтүнүн соц. адиси З. Шарабиинова жана туруктуу комиссиянын маалыматы айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1 Нурабад айыл өкмөтүндө социалдык маселелер боюнча 2021-жылда аткарылган иштер канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Нурабад айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2022-жылда социалдык артыкчылыктарга (соц. льготага) бөлүнгөн акча каражаты сарамжалдуу сарпталышы белгиленсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Юсупов