Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 16-майы №19

 

“Жалгыз-Жангак айылындагы “Бал Бала 1” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча бир тайпа ачуу жөнундө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында жайгашкан “Бал Бала 1” атындагы бала-бакчасына кошумча бир тайпа ачуу боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловдун 16.04.2024-жылдагы кириш №3 кайрылуусун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап, Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.     Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жангак айылында жайгашкан “Бал Бала 1” атындагы бала-бакчага кошумча бир тайпа ачууга макулдук берилсин;

 

2.      Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго жана бала-бакча жетекчиси У. Сурановага милдеттендирилсин.

 

3.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров