НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2022-жылдын 24-январы № 06-05
Нурабад айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринен Маңгыт айыл өкмөтүнүн жашоочулары көрүстөн үчүн пайдалана баштагандыгы жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Нурабад айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлерден 2,0 га жерге Маңгыт айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагындагы жашоочулар көрүстөн үчүн пайдалана баштагандыгын билдирип, бул маселени мыйзам чегинде карап берүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып , Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн балансында турган жерлерден башка айыл өкмөтүнүн жашоочуларына көрүстөн үчүн пайдаланууга жер берүү маселесини чечүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги башка айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен жерди алмаштыруу боюнча мыйзам чегинде иш алып барсын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча , мыйзамдуулук комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |