Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 06-06

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди конкурс,аукцион менен ижарага берүү үчүн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Араван райондук мамлекеттик администрациясынын 13.01.2022-жылдагы № 09-б буйругун негизинде айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди конкурс,аукцион менен ижарага берүү жана сатууда корупциялык схемалардын алдын алуу боюнча жер комиссиясынын курамын кайрадан түзүп бекитип берүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып , Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди конкурс,аукцион менен ижарага берүү жана сатууда корупциялык схемалардын алдын алуу максатында жер комиссиясынын курамы кайрадан түзүлүп № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди конкурс,аукцион менен ижарага берүү жана сатууда жер комиссиясынын курамы мыйзам чегинде иш алып барышсын.

 

3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер комиссиясына, мыйзамдуулук комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Юсупов

 

Нурабад айылдык кеңешинин

V-чакырылышынын 2022-жылдын

24-январындагы кезектеги

6-сессиясынын № 06-06 токтомунун

№ 1-тиркеме

 

Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди конкурс,аукцион менен ижарага берүү жана сатуу боюнча айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын курамы.

 

 

№

Аты жөнү

 Кызматы

Комиссия курамы

1

И.Тойчиев

Айыл өкмөтүнүн жер адиси

Комиссиянын төрагасы

2

М.Муминова

Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү

адиси

Комиссиянын катчысы

3

Ш.Байбабаев

Айылдык кеңештин депутаты

мүчө

4.

Н.Махаматов

Айылдык кеңештин депутаты

мүчө

5.

Г.Мундизова

Айылдык кеңештин депутаты

мүчө

6.

А.Эргашов

Айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси

мүчө

7.

Д.Шамшидинов

Айыл өкмөтүнүн башчысы

мүчө

8.

М.Расулов

Лангар айылынын айыл

башчысы

мүчө

9.

А.Игамназаров

Какыр-Пилтан айылынын айыл

башчысы

мүчө

10.

Х.Юнусалиев

Аксакалдар сотунун търагасы

мүчө

11.

А.Юлбарсов

Кайрагач-Арык айылынын

айыл башчысы,ВУС

инспектору

мүчө

12.

Т.Акулов

Айыл өкмөтүнүн ФЭБ

башчысы

мүчө

13.

П.Мирзабарамов

Араван райондук агрардык

өнүктүрүү башкармасынын

өкүлү

мүчө

14.

Д.Бегалиева

«Кадастр» мамлекеттик

мекемесинин өкүлү

мүчө

15.

Б.Токтосунов

Шаар курулушу жана

архитектура башкармасынын

өкүлү

мүчө

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

А.Юсупов