Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 06-07

Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик балдар бакчасынын атайын эсебине ата-энелер взносуну белгилеп алуу жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик балдар бакчасынын атайын эсебине ата-энелер взносу ар бир балага бир күнгө 25 сом болуп белгиленсин деген сунушту айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып ,

 Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1.     Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмунун атайын эсеби ата-энелердин взносу бир күнгө бир балага 25 сом болуп белгиленсин.

 

2. Нурабад айыл өкмөтүн аймагындагы мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмунун атайын эсеби ата-энелердин взносу бир күнгө бир балага 25 сом болуп белгилендиги боюнча МЧББУнун жетекчилери ата-энелерге түшүндүрүү иштерини алып барышсын.

 

3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов