Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 06-08

Лангар айылынын тургуну Абдуллажанов Сайдуллажандын арызы жөнүндө

Лангар айылынын тургуну Абдуллажанов Сайдуллажан Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өз менчигине таандык болгон 479,55 чарчы метр болгон жер тилкесине башкы план жасаткандыгын билдирип, жерди багытын өзгөртүп (перепрофилирование) турак жайга айландырууга уруксат берүүнү суранган.

Айылдык кеңештин жер комиссиясынын Абдуллажанов Сайдуллажандын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өз менчигине таандык болгон 479,55 чарчы метр болгон жер тилкесине тиешелүү документтерини көрүп чыгып, ага тиешелүү мамлекеттик актысы, техникалык паспорту жана башкы планды негизинде жерди багытын (перепрофилирование) турак жай багытына өзгөртүп берүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1.     Лангар айылынын тургуну Абдуллажанов Сайдуллажандын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан өз менчигине таандык болгон 479,45 чарчы метр болгон жер тилкесине Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын турак жай багытына которууга бекиткен башкы план долбоорунун негизинде бекитилген долбоору бекитилип ,багытын өзгөртүү (перепрофилирование) жолу менен турак жай багытына которууга макулдук берилсин .

 

2.     Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы планын негизинде багытын өзгөртүү (перепрофилирование) жолу менен турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилген 479,45 чарчы метр болгон жер тилкесине турак жай салууга уруксат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.

 

3.     Бул токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов