Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 06-11

Араван райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкеринин транспорттук чыгымдарынын айлык маянасына кошумча төлөө жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Араван райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2022-жылдын 14-январындагы 10 /02-11/5 сандуу катында көрсөтүлгөн Араван райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкеринин транспорттук чыгымдарынын айлык маянасына кошумча төлөө боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Араван райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкеринин транспорттук чыгымдарынын айлык маянасына кошумча төлөө боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.

 

2. Араван райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкеринин транспорттук чыгымдарынын айлык маянасына кошумча төлөө боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана ФЭБ башчысына КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуу иш алып баруусу милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана мыйзамдуулук комиссияларына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов