Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 06-12

Какыр-Пилтан айылынын тургуну Мундизов Абдисаломдын арызы жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин Какыр-Пилтан айылынын тургуну Мундизов Абдусаломдын арызы боюнча Какыр-Пилтан айылындагы элдин тынчтыгын жана жаш өспүрүмдөр арасында спиртик ичимдиктерди ичүүсүн азайтуу максатында айыл арасындагы дүкөндөрдө кечки саат 18-00 дън кийин спиртик ичимдиктер сатууга тыюу салуу жөнүндө кандайдыр бир чара көрүп берүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин Какыр-Пилтан айылынын тургуну Мундизов Абдусаломдын арызы боюнча Какыр-Пилтан айылындагы элдин тынчтыгын жана жаш өспүрүмдөр арасында спиртик ичимдиктерди ичүүсүн азайтуу максатында айыл арасындагы дүкөндөрдө кечки саат 18-00 дън кийин спиртик ичимдиктер сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам чегинде чара көрүп берүү боюнча сунушу кийинки сессияга калтырылсын .

 

2. Бул маселе боюнча талкуулап кийинки сессияга алып чыгуу мыйзамдуулук комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов