Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 24-январы № 06-14

Айыл өкмөтүнүн чегинин башталышына арка куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин Араван Тепе-Коргон жолунда Араван жактан келген Какыр-Пилтан айылынын Х.Мундизов көчөсүнүн айыл өкмөтүнүн чегинин башталышына муниципалдык менчикте турган жерден арка куруу үчүн жер ажыратып берүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагынан Араван Тепе-Коргон жолунда Араван жактан келген Какыр-Пилтан айылынын Х.Мундизов көчөсүнүн айыл өкмөтүнүн чегинин башталышына муниципалдык менчикте турган жерден Арка куруу үчүн жолдун ар бир тарабына эки чарчы метрден жалпысы болуп төрт чарчы метр жер тилкеси ажыратылып берилсин.

 

2. Арка куруу үчүн жолдун ар бир тарабына эки чарчы метрден жалпысы болуп төрт чарчы метр жер тилкесине айыл өкмөтүнүн жетекчилиги КРнын мыйзамдарынын талаптарына ылайыктуу документтерин даярдоосу милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов