НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 13-04
Нурабад айыл өкмөт башчысынын 2022-жылдын социалдык -экономикалык,чарбалык,маданий жана саясый жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштери жөнүндө
Нурабад айыл өкмөт башчысы Д. Шамшидиновдун 2022-жылдын социалдык -экономикалык,чарбалык,маданий жана саясый жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштери жөнүндө маалыматы айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөт башчысы Д. Шамшидиновдун 2022-жылдын социалдык -экономикалык,чарбалык,маданий жана саясый жактан өнүктүрүү боюнча аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата социалдык-экономикалык,чарбалык,маданий жана саясый жактан өнүктүрүү боюнча иш планы жактырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |