Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы

2022-жылдын 18-январы № 13-06

Нурабад айыл өкмөтүнүн салыктар боюча зоналдык коэффициентти көтөрүп берүү жөнүндө

Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 16.12.2022-жылдагы №023-22-01-4-7989-санду катында көрсөтүлгөндөй зоналдык коэффициентти көтөрүү боюнча сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

 

1. Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын 16.12.2022-жылдагы №023-22-01-4-7989-санду катынын негизинде зоналдык коэффициентти көтөрүүгө макулдук берилсин.

 

2. Нурабад айыл өкмөтүнүн салыктар боюнча зоналдык коэффициентти 1,6 кылып бекитип берилсин.

 

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Нурабад айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Юсупов