НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 13-07
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик балдар бакчаларына айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана ата-энелер тарабынан тамак- аш үчүн берилүүчү акчасыны көтөрүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик балдар бакчаларына айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана ата-энелер тарабынан тамак- аш үчүн берилүүчү акчасыны көтөрүү жөнүндөгү сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик балдар бакчаларына айыл өкмөтүнүн бюджетинен берилүүчү акча 20 ( жыйырма )сомго жана ата-энелер тарабынан тамак- аш үчүн берилүүчү акча 35(отуз беш) сомго көтөрүүгө макулдук берилсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик балдар бакчаларына айыл өкмөтүнүн бюджетинен тамак-аш үчүн 20 ( жыйырма )сом кылып акчаны ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Ата-энелер тарабынан тамак- аш үчүн берилүүчү акча 35(отуз беш) сомго көтөрүү боюнча МЧББУ жетекчилери түшүндүрүү иштери алып барышсын.
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |