НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 13-09
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инффраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгын бекитип берүү жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу
инффраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгын бекитип берүү жөнүндөгү сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып Нурабад айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025 жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инффраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгынын 5- пунктуна ылайык бекитип берилсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана айыл башчыларына №305 Жарлык боюнча иш-чаралар түзүлүп, айылдарда түшүндүрүү иштери алып баруу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |