Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 16-майы №22

 

“Жердин багытын өзгөртүп, муниципалдык

менчике алуу жөнүндө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагына караштуу Калмак-Кырчын айылында жайгашкан 3851 контурундагы айыл чарба багытындагы 0,03 га жайыт жерди өнөр жай багытына которуп, муниципалдык менчике алып берүүнү сурап Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловдун жазган кайрылуусун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

  1. Көк-Арт айыл аймагына караштуу Калмак-Кырчын айылындагы 3851контурдагы 0,03 га, айыл чарба багытындагы жайыт жер өнөр жай багытына которулуп,муниципалдык менчике алууга макулдук берилсин;

 

  1. Жердин багытын өзгөртүү боюнча Сузак мамлекеттик адмнистрациясынан суралсын.

 

  1. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловко милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын

ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров