Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  IV сессиясынын

 

2024-жылынын 16-майы №23

 

“Көк-Арт айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы

кезексиз XIX-сессиясынын №68 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө”

 

Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Булак айылынын №286-контурундагы 11,0 га жеке менчик жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча Көк-Арт айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы кезексиз XIX-сессиясынын № 68 токтомуна толуктоо киргизүү жана багытын өзгөртүүгө суралган 11,0 га жеке менчик жер тилкесине түзулгөн генералдыкдык планын бекитүү жөнүндө Көк-Арт айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

1.  Көк-Арт айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы кезексиз XIX-сессиясынын № 68 токтомуна толуктоо киргизилсин;

 

2.  Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Булак айылынын №286-контурундагы 11,0 га жеке менчик жер тилкесине түзулгөн генаралдык планы бекитилсин.

 

3.  Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров