Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  V сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №26

 

““К.Тайгараев мектебинин имараты курулуп жаткандыгына байланыштуу убактылуу пайдаланууга берилген жеке турак үйгө

ижара акы төлөп берүү жөнүндө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,

Көк-Арт айыл өкмөтүнун Жоон-Күнгөй айылындагы К.Тайгараев мектебинин имараты жаңыдан курулуп жаткандыгынан Нуркасымов Нурмаматтын жеке турак үйүн ижарага алып, убактылуу пайдаланып жаткандыгына байланыштуу ижара акысын төлөп берүү боюнча Курманбек айылдык кеңешинин 07.02.2024-жылдагы кезектеги XXV-сессиясынын №11 токтому менен 40 000 (кырк ) миң сом бөлүнүп берилип бирок багытын аныктоочу беренеге отурбай калгандыгына байланыштуу Көк-Арт айылдык кеңешинин резервттик фондунан берүү боюнча сунушту Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:

 

1.    Мектепке убактылуу жеке турак үйүн пайланууга берген Нуркасымов Нурмаматка Көк-Арт айыл өкмөтү менен түзгөн келишимдин негизинде айыл өкмөттүн резервтик фондунан 1 жылга 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндө ижара акысы төлөнүп берилсин;

 

2.    Келишим түзүп, ижара акысын төлөп берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнун башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров