Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  V сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №27

 

“Көчөгө ат коюу жөнүндө”

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма айылынын тургуну медицина тармагында өмүрунун акырына чейин кызмат кылып, элге эмгеги синген Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун отличниги Кадыралиев Исматилла Кадыралиевичтин ысымын Кара-Алма айылына кеткен чоң жолго Баймуратов Кайыпберди көчөсүнөн Орозалиев Бай көчөсүнө чейинки жолго коюп берүүну сурап кайрылган Н.Кадыралиевдин 28.05.2024-жылдагы кириш № 39 сандуу кайрылуусун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:

 

1.     Көк-Арт айыл аймагынын Кара-Алма айылына кеткен чоң жолдун К.Баймуратов көчөсүнөн Орозалиев Бай көчөсунө чейинки жолго Кадыралиев Исматилла Кадыралиевичтин аты айгарылсын;

 

2.     Жолдун тазалыгын кароо жагы кайрылуу ээси Н.Кадыралиевге милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров