Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  V сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №29

 

“Көчөгө ат коюу жөнүндө”

 

          Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы, Көк-Арт айыл аймагынын Жоон-Күнгөй айылы менен Кара-Алма айылынын кесилишкен жолдон Жоон-Күнгөй айылынын кире беришиндеги мазардын жанындагы бурулушка чейинки көчөгө Керимкулов Токтакундун ысымын коюп берүүнү сурап Т.Акматкуловдун жазган 05.06.2024-жылдагы кириш № 49 сандуу кайрылуусун жана депутат К.Малашовдун сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап, талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:

 

 

1.     Көк-Арт айыл аймагынын Жоон-Күнгөй айылы менен Кара-Алма айылынын кесилишкен жолдон Жоон-Күнгөй айылынын кире беришиндеги мазардын жанындагы бурулушка чейинки көчөгө Керимкулов Токтакундун ысымы ыйгарылсын;

 

2.     Көчөнүн тазалыгын кароо жагы кайрылуу ээси Т.Акматкуловго милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров