ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Ийри-Суу айылдык Кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 4
«Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ийри-Суу айылдык Кенеши токтом кылат:
1. «Ийри-Суу айыл өкмөтү» мекемеси жана «Чаңгет айыл өкмөтү» мекемесин бириктирүү жолу менен «Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот айылного аймака Ийри-Суу".
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» м-си.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот айылного аймака Ийри-Суу".
2. «Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Жийде айылы, Р.Мырзакматов көчөсү 35 аныкталсын.
3. «Ийри-Суу айыл өкмөтү» мекемесинин жана «Чаңгет айыл өкмөтү» мекемесинин өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы бекитилсин.
4. «Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин жобосу бекитилсин.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
«Ийри-Суу» айылдык кеңешинин төрагасы |
| Кыргызбаев А. К |