ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Ийри-Суу айылдык Кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 22-февралы № 5
«Ийри-Суу айылдык кеңеши» мекемесин жана «Чаңгет айылдык кеңеши» мекемесин бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ийри-Суу айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. «Ийри-Суу айылдык кеңеши» мекемесин жана «Чаңгет айылдык кеңеши» мекемесин бириктирүү жолу менен «Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы «Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин төрагасына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Кыргызбаев А. К |