Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Бириккен Ийри-Суу айылдык Кеңешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 22-февралы № 6

 

«Ийри-Суу айыл өкмөтү» мекемесин жана «Чаңгет айыл өкмөтү» мекемесин бириктирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Ийри-Суу айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. «Ийри-Суу айыл өкмөтү» мекемеси жана «Чаңгет айыл өкмөтү» мекемесин бириктирүү жолу менен «Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы «Ийри-Суу» мекемесинин башчысына жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам. 

 

Төрага

 

Кыргызбаев А. К