ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Төрт-Көл айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 21-февралы № 2
Бириккен Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 21-февраль 2024-жылдагы №2 протокол бекитилсин.
2. Бириккен Төрт-Көл айылдык кеңешинин Маматибраим Акназаров жана Бабаева Дилорам төрагасынын орун басарлары деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Б.Мураталиев |