Редакцияот 21.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Бириккен Төрт-Көл айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 21-февралы № 6

 

«Төрт-Көл айыл өкмөтү» мекемесин жана

«Жылалды айыл өкмөтү» мекемесин бириктирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Төрт-Көл айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Төрт-Көл айыл өкмөтү» мекемеси жана «Жылалды айыл өкмөтү» мекемесин бириктирүү жолу менен «Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы «Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин башчысына жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам. 

 

«Төрт-Көл» айылдык кеңешинин төрагасы

 

Б.Мураталиев