Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги

ХXV-сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы № 121

 

Кыргызстан айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жанындагы күрөш залга Акыев Жээнбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХXV-сессиясы күн тартибиндеги Кыргызстан айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жанына ашар жолу менен курулган күрөш залга ат коюу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.

1. Кыргызстан айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жанына ашар жолу менен курулган күрөш залга Акыев Жээнбектин ысымы ыйгарылсын.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, этика, маданият адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Ийри-Суу айылдык

Кеңешинин төрагасы:

 

А.Кыргызбаев