ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги
ХXVI-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 122
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХXVI-сессиясы күн тартибиндеги жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жылдагы бюджетинин кирешеси 650.000 ( алты жүз элүү миң) сомго бекитилсин.
2. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитеинин 2024-жылдагы бюджетинин чыгашасы 650.000 ( алты жүз элүү миң ) сомго бекитилсин.
-Эмгек акы - 140700 (бир жүз кырк миң жети жүз) сом.
-Канц товар -5000 (беш миң) сом.
-Транспорт чыгымы -35000 (отуз беш миң) сом.
-Жайлоонун жолун ондоо- 120000 (бир жүз жыйырма миң) сом.
-Кароолчуга - 50000 (элүү миң) сом.
-Эгилген чөптү караган кароолго - 70000 (жетимиш миң) сом.
-Айылдарга -110000 (бир жүз он миң) сом.
-Жардамчыга - 50000 (элүү миң) сом.
-Кошумча иштерге- 69300 (алтымыш тогуз миң үч жүз) сом.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| А.Кыргызбаев |