ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги
ХXVI-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 127
Айыл - чарба багытында эмес жерлерге жер салыгын чегерүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХXVI - сессиясы күн тартибиндеги Ийри-суу айыл өкмөтүнүн айыл - чарба багытында эмес жерлерге жер салыгын чегерүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл аймагынын экономикалык - пландоонун аймактык коэффициенти “К”1,3кө барабар деп кабыл алынсын.
2.Айыл чарба багытында эмес жер салыгынын эсептөө жана кыймылсыз мүлктүн 1-2-3-топтогу обьектилерине салык чегерүү 2024-жылдын 17-январынан тартып күчүнө кирсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн башкы салыкчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| А.Кыргызбаев |