Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 484 токтомуна)
Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо тартиби стратегиялык башкаруунун принциптерине жана мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына шайкештигин текшерүү үчүн иштелип чыккан, мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризациялоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзгөн мамлекеттик стратегиялык документтерди кошпогондо, аларды мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизүү (чыгаруу) үчүн арналган.
2. Мамлекеттик стратегиялык документтерди инвентаризациялоо экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик стратегиялык документтер, эгерде натыйжасы 80 балл жана андан жогору болсо, инвентаризациялоонун натыйжаларынын негизинде мамлекеттик стратегиялык документтердин мамлекеттик реестрине киргизилет жана натыйжасы 50 баллдан төмөн болгон учурда чыгарылат.
4. Мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлору расмий макулдашуу жол-жобосунун алкагында инвентаризациялоодон өтөт.
5. Мамлекеттик стратегиялык документтин долбоорун инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алуу (бекитүү) үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Инвентаризация жүргүзүү үчүн критерийлер
6. Инвентаризация 10 негизги критерий боюнча жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик программанын жалпы мамлекеттик программага үч пункт боюнча ылайык келүүсү:
- максаттар, артыкчылыктар, стратегиялык милдеттер;
- жалпысынан документтин көрсөткүчтөрү жана күтүлүүчү натыйжалар;
- ишке ашыруу мөөнөттөрү;
2) мамлекеттик программанын түзүмүнүн жана анын бөлүмдөрүнүн түзүмүнүн Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү стандартынын талаптарына ылайык келиши. Бул критерий тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине тиешелүү тышкы саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерге жайылтылбайт;
3) программанын максатынын, бөлүмдүн максаттарынын жана күтүлүүчү натыйжалардын өз ара байланышы. Төмөнкүлөр күтүлүүдө:
- бөлүмдөрдүн максаттары программанын максатына жетүүгө өбөлгө түзөт;
- бөлүмдөрдүн күтүлүүчү натыйжалары бөлүмдүн максатына байланыштуу жана келип чыгат;
- бөлүмдөрдүн максаттары өлчөнүүчү, реалдуу жана жетүүгө мүмкүн;
4) бөлүмдөрдүн алкагында максаттар менен милдеттердин өз ара байланышы. Баалоо төмөнкү аспекттер боюнча жүргүзүлөт:
- милдеттер бөлүмдүн максатына жетүүгө багытталган;
- бөлүмдүн максатына жетүү үчүн колдо болгон милдеттер жетиштүү;
- милдеттер кырдаалды талдоого негизделет жана талдоодо белгиленген бардык көйгөйлөрдү/келечектерди/ажырымдарды камтыйт;
5) милдеттер менен иш-чаралардын өз ара байланышы. Критерий чараларды жана милдеттерди түзүүнүн логикасын баалайт, мында төмөнкүлөр күтүлөт:
- чаралар коюлган маселени чечүүгө өбөлгө түзөт;
- болгон чаралар маселени чечүү үчүн жетиштүү;
- чаралар карама-каршы келбейт жана кайталанбайт (анын ичинде жалпы документте);
6) индикаторлор матрицасынын көрсөткүчтөрү менен максаттардын жана милдеттердин өз ара байланышы. Критерий пландалган милдеттер менен көрсөткүчтөрдүн ортосундагы байланышты баалоого мүмкүндүк берет, алар прогрессти көзөмөлдөөгө тийиш;
7) чаралар планы - чаралар планынын болушун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерий - мамлекеттик стратегиялык документтин беш компонент боюнча милдеттүү бөлүгү:
- милдеттер;
- чаралар;
- күтүлүүчү натыйжалар;
- ишке ашыруу мөөнөттөрү;
- аткаруучулар;
8) индикаторлордун матрицасы - индикаторлор матрицасынын болушун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерий - үч аспект боюнча мамлекеттик стратегиялык документтин милдеттүү бөлүгү:
- ар бир бөлүм үчүн көрсөткүчтөрдүн болушу;
- бардык көрсөткүчтөр үчүн болжолдуу максаттуу жана аралыктык индикаторлордун болушу;
- туруктуу өнүктүрүү максаттарынын кеминде 10 көрсөткүчүнүн болушу;
9) ресурстук камсыз кылууну баалоо - "Ресурстук камсыз кылууну баалоо" милдеттүү тиркемесинин болушун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерий, ал жылдар боюнча, чаралар жана каржылоо булактары боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш;
10) гендердик саясат жана климаттын өзгөрүү маселелерин эсепке алуу - документтин гендердик сезимталдыгына жана климаттык маселелердин чагылдырылышына баа берүүгө мүмкүндүк берүүчү критерий.
7. Критерийлерди баалоо үчүн 0дөн 100 баллга чейинки шарттуу шкала колдонулат. Бардык критерийлер максималдуу 10 баллдык маани менен барабар болуп саналат.