Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 484 токтомуна)
Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча СТАНДАРТ
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча ушул стандарт (мындан ары - Стандарт) тиешелүү деңгээлдеги стратегиялык документтерди даярдоодо (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ишине тиешелүү тышкы саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди кошпогондо) бирдиктүү талаптарды аныктайт, алар милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) төмөнкү деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарынын жогорку деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтердин артыкчылыктарына шайкештигин жана баш ийүүсү;
2) мамлекеттик стратегиялык документтерде алардын ар бири үчүн стратегиялык максаттарды так туюндуруу менен өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын чектелген санын белгилөө;
3) стратегиялык максаттарды өлчөө индикаторлорун жана алардын тиешелүү мезгилге карата болжолдуу маанилерин аныктоо;
4) тандалып алынган артыкчылыктарга ылайык мамлекеттик саясатты түзүүчү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ортосунда стратегиялык максаттарга жетүү үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү;
5) ар бир стратегиялык максат үчүн тиешелүү деңгээлдеги негизги стратегиялык чараларды көрсөтүү жана аларды ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжаларды сыпаттоо.
2. Стандартта төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик стратегиялык документ - ушул Стандартта белгиленген талаптарга ылайык расмий документ түрүндө иштелип чыккан мамлекеттик стратегиялык башкаруу инструменти;
2) мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы - жалпы мамлекеттик программаны жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу механизми катары таблица түрүндө берилген алардын милдеттүү бөлүгү;
3) индикаторлордун матрицасы - мамлекеттик стратегиялык документтердин милдеттүү бөлүгү, аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна/эффективдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизми катары таблица түрүндө берилген;
4) мамлекеттик стратегиялык документти ишке ашыруунун ресурстук камсыздалышын баалоо - жалпы мамлекеттик программанын жана мамлекеттик программалардын текст жана таблица түрүндө берилүүчү милдеттүү бөлүгү;
5) улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмеси - биринчи деңгээлдеги мамлекеттик стратегиялык документтин таблица түрүндө берилген милдеттүү бөлүгү;
6) иш-аракеттердин ар жылдык планы - жалпы мамлекеттик программада белгиленген орто мөөнөттүү максаттарга жана милдеттерге жетишүүгө багытталган ресурстар, жооптуу аткаруучулар жана ишке ашыруу мөөнөттөрү боюнча байланышкан, алдыдагы финансылык жылда мамлекеттик органдардын конкреттүү иш-аракеттерин камтыган документ;
7) көрсөткүч - кандайдыр бир тармактын/чөйрөнүн/региондун прогрессинин, абалынын же өнүгүүсүнүн адатта сан түрүндө туюнтулган мүнөздөмөсү;
8) индикатор - көрсөткүчтүн өзгөрүшүн көрсөтүүчү сандык маани;
9) көз караш - улуттук стратегияны ишке ашыруунун натыйжасында жетиши күтүлүп жаткан келечектин, узак мөөнөттүү күтүлгөн натыйжанын көрүнүшүнөн турган улуттук стратегиянын милдеттүү бөлүгү;
10) стратегиялык милдет - жалпы мамлекеттик программанын максатына жетүү үчүн зарыл болгон курамдык бөлүгү катары белгилүү бир шарттарды талап кылган жана узак мөөнөттүү (улуттук стратегия) же орто мөөнөттүү (жалпы мамлекеттик программа) мезгилде белгилүү бир техникалык каражаттарды колдонууну камтыган улуттук стратегия жана жалпы мамлекеттик программа үчүн түзүлөт. Жалпы мамлекеттик программанын стратегиялык милдети мамлекеттик программанын тиешелүү бөлүмүн түзүү үчүн негиз болуп саналат;
11) программанын максаты - учурдагы кырдаалга карата орто мөөнөттүү мамлекеттик стратегиялык документти иштеп чыгууну аяктоо учуруна карата жетишүү пландаштырылган акыркы өлчөнгөн натыйжа;
12) бөлүмдүн максаты - бул бөлүмдүн милдеттерин ишке ашыруунун алкагында жетишүү пландаштырылган акыркы өлчөнгөн натыйжа, ошондой эле өлкөнү/тармакты/чөйрөнү/регионду өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү пландарын түзүү үчүн багыт;
13) өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары - тармактар аралык/региондор аралык маанидеги тематикалык багыт (мисалы, социалдык өнүктүрүү же региондорду өнүктүрүү). Мамлекеттик программаларда - мамлекеттик программанын алкагындагы бардык бөлүмдөрдүн жыйындысы;
14) милдет - бөлүмдүн максатына жетүүгө багытталган иш-чаралардын жыйындысы;
15) чара - милдетти ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин, каражаттардын жыйындысы. Иш-аракет максатты коюу, шарттарды талдоо жана максатка жетүүнүн бирдиктүүлүгү менен мүнөздөлгөн процесс катары чараны ишке ашырууга багытталган;
16) иш-аракет - чаранын алкагындагы конкреттүү иш, ишмердик;
17) тармактык мамлекеттик программа - айыл чарба, өнөр жай, энергетика, кен казуу, байланыш, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият, билим берүү, иш менен камсыз кылуу, тышкы соода, инвестициялар, курулуш, финансы-кредит системасы, фискалдык саясат, сот системасы, укук коргоо системасы, улуттук коопсуздук, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу, транспорттук-логистикалык инфраструктура, ирригациялык инфраструктура, токой чарбасы, туризм, өзгөчө кырдаалдар, статистика, дин;
18) тармактар аралык/өтмө мамлекеттик программа - мамлекеттик башкаруу, экология, гендер, этностор аралык мамилелер, климат, санариптештирүү, интеллектуалдык менчик жана инновациялар, региондорду өнүктүрүү, жашыл экономика, ишкердик, коррупцияга каршы саясат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
19) региондук мамлекеттик программа - облустарды өнүктүрүү;
20) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (мындан ары - СЭӨП) - районду, шаарды/айылдык аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарына кыйла натыйжалуу жетишүүнү жана милдеттерин чечүүнү камсыз кылуучу ресурстар менен байланышкан иштин багытын жана саясатын сыпаттаган башкаруу куралы.
3. Стандарт төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) мамлекеттик стратегиялык документтерди даярдоонун милдеттүү бирдиктүү талаптарын жана эрежелерин;
2) мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын даярдоо форматын;
3) мамлекеттик стратегиялык документтердин көрсөткүчтөрүнүн матрицасын даярдоо форматын;
4) мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун ресурстарын баалоонун форматын жана эрежелерин;
5) мамлекеттик стратегиялык документтердин улуттук инвестициялык долбоорлорунун тизмегин даярдоо форматын;
6) мамлекеттик стратегиялык документтерди ишке ашыруунун алкагында жылдык иш-аракеттер планын даярдоо форматын.
4. Стандарт стратегиялык документтерди унификациялоого, системалаштырууга жана байланыштырууга багытталган.