Редакцияот 22.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын)

депуттарынын XXIX кезектүү сессиясы

 

2024– жылдын 22-январы № 188

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2023-жылдын 1-январына карата калдык 5103,5 миң сом акча каражатын 2024-жылга карата бекитүү жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 - 117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгыша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсеп счетундагы (2022-жылда үнөмдөлгөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн) 5103,5 миң сом акча каражатын, 2024-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын сметасын карап, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

                                 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Мырза-Аке айыл өкмөттүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышына канаататандыралык деп табылсын.

2. 2023-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү жыл ичинде кошумча аткарылган кирешелердин жана үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен калган 5103,5 миң сом 2024-жылдын 1-январына карата калдык деп табылсын жана ал 2024-жыл ичинде төмөндөгү чыгымдарга ылайык жумшалсын:

а) Адыр жана Бабыр айылдарына тигүүчү цех жана ФАП АРИС программасы тарабынан курулуп жаткан курулуштарга кошумча каражат бөлүүгө -3912,7 миң сом;

б) Мырза-Аке Тазалык МИ на Өзгөн райондук өнүктүрүү фонду тарабынан атайын техника сатып алууга өздүк салым төлөө үчүн 495,0 миң сом;

в) Таштанды төгүүчү талаага тосмо тартуу үчүн 379,8 миң сом;

г) Ж.Тажибаев атындагы спорт комплексти учурдагы оңдоп түздөө иштерине 300,0 миң сом бөлүнүп берүүлүсү каралсын.

д) бала бакчадагы тарбиялануучулардын тамак –аш азык түлүктөрүн сатып алууга-16,0 миң сом .

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым

 

Г.Жороева

 

 

   “БЕКИТЕМИН"

Айылдык кеңештин төрайымы;-

 

______________Г. Жороева

 

 

№п/п

Бала бакча бөлүмү

Сумма

1

Тамак аш сатып алуу

16,00

 

 

 

 

 

 

 

ФЭБ башчы Анарбеков .Б

 

 

 “БЕКИТЕМИН"

Айылдык кеңештин төрайымы;-

 

______________Г. Жороева

 

 

№п/п

Комуналдык кызмат көрсөтүү бөлүмү

Сумма

1

Таштанды төгүүчү талаага тосмо тартуу үчүн

379,8

2

Ж.Тажибаев атындагы спорт комплексти оүдоп түзөө иштерине

300,0

3

Адыр жана бабыр айылдарына тигүү цех жана ФАП АРИС программасы тарабынан курулуп жаткан курулуштарга кошумча каражат

3912,7

4

Мырза-Аке Тазалык МИ на Өзгөн райондук өнүктүрүү фонду тарабынан атайын техника сатып алууга өздүк салым

495,0

 

Жыйынтыгы

5087,5

 

ФЭБ башчы Анарбеков .Б