Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын)

депуттарынын XXX сессиясы

 

2024– жылдын 12-февралы № 191

 

Мырза-Аке айылынын А.Карашев көчөсүнүн № 72 үйүнүн тургуну Тайлаков Майрамбектин арызы жөнүндө

  Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мырза-Аке айылынын тургуну А.Карашев көчөсүнүн № 72 үйүнүн тургуну Тайлаков Майрамбектин арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-0952 номери менен өзү жашаган турак үйүнүн бир бөлүгүн 250 м.кв жер аянтын калкты тейлөө багытына которулсун.

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Г.Жороева