МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын)
депуттарынын XXX сессиясы
2024– жылдын 12-февралы № 195
Кыргыз Республикасынын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү 30629 аскер бөлүгүнө акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин сунуш катынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кыргыз Республикасынын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү 30629 аскер бөлүгүнө аскердик техникалар жайгашкан жерди курууга 321700 ( үч жүз жыйырма бир миң жети жүз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Д.Батаевге милдеттендирилсин.
3. Токтотомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |