МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Мырза-Аке айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 1
Бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Мырза-Аке айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы № 1 протокол бекитилсин.
2. Бириктирилген Мырза-Аке айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы болуп Жороева Гүлкан Опоңовна шайланды деп эсептелинсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: |
| Ш.Турдукеев |
Ош облусунун Мырза-Аке районундагы бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
№ 1 ПРОТОКОЛ
2024-жылдын 20 - февралы Мырза-Аке айылы.
Төрагалык кылуучу Ш.Турдукеев
Сессиянын катчысы С.Сайпиева
Катышкандар: 32
Алтын-Булак бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны - 32, анын ичинен катышкандары -32
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаныгн алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобого ылайык, төрагалык кылуучу Ш. Турдукеев бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.
Бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайымы ордуна талапкер – Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл аймагын түзгѳн айылдык кеңештердин тѳрайымдары ат салышат.
1. Жороева Гүлкан - Мырза –Аке айылдык кеңештин тѳрайымы;
2. Разакова Замира - Алтын –Булак айылдык кеңештин тѳрайымы.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталат.
1. Бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны – 32 түзөт.
2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны 32.
Анда эмесе добуш берүүгө өтсөк.
Сессиянын жүрүшүндө Алтын –Булак айылдык Кеңешинин төрайымы Разакова Замира талапкерлигинен баш тарты.
Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайымы Г.Жороеванын талапкерлигине добуш беришти.
Бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайымына ар бир талапкер боюнча ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталды.
Шайлоонун жыйынтыгында Жоровеа Гүлкан - 32 добуш алды.
Депутаттардын кѳпчүлүк добушун алган талапкер Жороева Гүлкан Опоңовна бириккен Мырза-Аке айылдык кеңешинин шайланган төрайымы деп таанылды.
Төрагалык кылуучу Ш. Турдукеев
Сессиянын катчысы С.Сайпиева