Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  V сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №32

 

“Таран-Базар айылындагы “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын өзгөртүү жөнүндө”

 

          Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылындагы “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын ошол бала-бакчаны түптөп, ошол жерде иштеп, азыркы учурда ардактуу эсалууга чыккан Осмоналиева Нисакандындын атына өзгөртүп берүүнү сурап бала-бакча жетекчиси Ю.Тайгараеванын кайрылуусуун жана депутат Н.Абдукаимов, М.Автандиловдордун сунушун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:

 

1.     Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылындагы “Кызгалдак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун атын ошол бала-бакчаны түптөп, ошол жерде иштеп, азыркы учурда ардактуу эсалууга чыккан Осмоналиева Нисакандындын атына өзгөртүлсун;

 

2.     Бала-бакчанын атын өзгөртүү жана каттоо иштери боюнча иш алып баруу кайрылуу ээсине жана Осмоналиева Нисакандын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров