Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  V сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №33

 

“Көчөгө ат коюу жөнүндө”

 

          Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагынын кире беришинен Жалгыз-Жангак айылындагы Раатбек Санатбаев атындагы көчөгө чейин “Бочкон баатыр” атын коюп берүүнү сурап Жалгыз-Жангак айылынын тургундарынын жазган 2024-жылдын 28-майындагы кириш № 33 сандуу кайрылуусун Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат:

 

1.     Көк-Арт айыл аймагынын кире беришинен Жалгыз-Жангак айылындагы Раатбек Санатбаев атындагы көчөгө чейин “Бочкон баатыр” ысымы ыйгарылсын;

 

2.     Көчөнүн тазалыгын кароо жагы кайрылуу ээлерине милдеттендирилсин.

 

3.     Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Джапаровго жүктөлсүн.

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук, Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров