МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Мырза-Аке айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 5
“Мырза-Аке” айылдык мекемеси жана “Алтын-Булак” айыл өкмөтү мекемеси “Мырза-Аке” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 , “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралдагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды ( өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Мырза-Аке” айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл өкмөтү мекемеси жана “Алтын–Булак” айыл өкмөтү мекемеси бириктүү жолу менен “Мырза-Аке” айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Мырза-Аке” айыл өкмөтү мекемесинин дайындалган башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрайым: |
| Г.Жороева |