Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Бириккен Мырза-Аке айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралы № 6

 

“ Мырза-Аке “ айыл аймагынын айылдык кеңешинин мекемесине жана “Алтын-Булак “ айыл аймагынын айылдык кеңешинин мекемеси “Мырза-Аке” айылдык кеңеши мекемесине кошулуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 , “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралдагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Мырза-Аке” айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Мырза-Аке айылдык кеңеши мекемеси жана “Алтын–Булак” айылдык кеңеши мекемесин бириктүү жолу менен “Мырза-Аке” айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

 

2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Мырза-Аке” айылдык кеңешинин мекемесинин төрайымы Жороева Гүлкан Опоновнага жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

 

Төрайым:

 

Г.Жороева