САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 17/1
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБ мүнүн башчысы
Н. Акимованын билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылына курулган 2 кабаттуу 275 орундуу № 3 Н. Исанов мектеби курулушу аяктап бүткөрүлгөндүгү үчүң 2023-жылдын жыйынтыгы менен Сары-Колот айыл өкмөтүнүн балансына алынып, жаңы салынган имаратына окуучулардын коопсуздугу үчүн видео көзөмөл жана акылдуу коңгуроо орнотууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө жазган билдирүүсүн угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылына курулган 2 кабаттуу 275 орундуу №3 Н. Исанов мектебинин жаңы салынган имаратына окуучулардын коопсуздугу үчүн жалпы сметалык баасы 398 894 (үч жүз токсон сегиз миң сегиз жүз токсон төрт) сомду түзгөн видео көзөмөл жана акылдуу коңгуроо орнотууга керектелүүчү акча каражаты Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Колот айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Н.Молдоев |