Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги  V сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №34

 

“Көк-Арт айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы кезектеги IV-сессиясында кабыл алынган №18 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”

 

            Көк-Арт айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы,

Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан К.Осмоналиев атындагы мектептин короосунун сыртынан бала-бакча жана спорт комплексин куруу үчүн 0.30 га жер бөлүп берүү жөнүндө Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги IV-сессиясын № 18 токтомуна өзгөртүү киргизип, кошумча 0.20 га жер аянтын бөлүп берүүнү сурап депутат Н.Абдукаимовдун сунушун айылдык кеңештин кезектеги IV-сессиясында карап чыгып, талкуулап Көк-Арт айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

1.    Көк-Арт айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылында жайгашкан К.Осмоналиев атындагы мектептин короосунун сыртынан 0.30 га бөлүп берүү жөнүндө Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги IV-сессиясын № 18 токтомуна өзгөртүү киргизилсин;

2.    Бала-бакча жана спорт комплекс куруу үчүн бөлүнгөн 0.30 га жерге кошумча 0.20 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

 

3.    Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы О.Анаркуловго милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

 

 

Төрага :

А.А. Энназаров