САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 17/4
“Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Н.Акимованын 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып, Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 26032,4 млн сом (анын ичинен 3420,0 млн сом атайын каражаттар) өлчөмүндө алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
2.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жергиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын штаттык бирдигинде 22, анын ичинен башчылар 6, ВУС инспектору 2, тейлөө кызматкерлери 2 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин.
3.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2024-жылга түшө турган кирешелерди жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц фонд, дары-дармек, тамак-аш чегерүү) каржылануусу белгиленсин.
4.Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
5.Бала бакча тармагына ата-энелер тарабынан түшүүчү каражаттын тартыштыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен ар бир бала үчүн күнүнө 15,0 сомдон акча каражаты каралсын.
6.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен Сары-Колот айылдык кеңешинин сессиясында каралсын.
7.Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2025-жылга 27702,7 миң сом ал эми 2026-жылга 28883,7 миң сом өлчөмүндө түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин.
8. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетине жыл ичинде киргизилген өзгөртүү жана толуктоолорду эске алуу жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Кара-Суу башкармалыгынын сунуш катынын негизинде Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер боюнча такталган пландары 26032,4 млн сом, анын ичинде атайын каражаттар 3420,0 млн. сомго, ал эми чыгашалар боюнча такталган пландар жалпысы 26032,4 млн. сом бекитилсин.
9. Жайыт комитетинин бир жылдык бюджети 70,0 миң сом эсебинде бекитилсин жана анын чыгашасынын 46,7 миң сом же болбосо 3/2 бөлүгү келишимдин негизинде чыгымдалсын.
10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Н.Молдоев |