Редакцияот 22.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИККЕН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ, КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы

 

2024– жылдын 22-февралы № 1

 

Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

  “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 22-февралындагы № 1 протокол бекитилсин.

 

2. Өзгөн районунун бириккен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Камалов Мирлан Абдималикович шайланган төрагасы деп таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Н.Зулпуев

 

 

 

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

№ 1 ПРОТОКОЛ

2024-жылдын 22-февралы Эски-Покровка айылы

Төрагалык кылуучу Н. Зулпуев

Сессиянын катчысы Т. Муратова

Катышкандар: 29- депутат. Себебтүү-2 Маматова Угулхан, акимназар кызы Чынара Себебсиз-1 Топчубаев Бектур

Тизме тиркелет:

  Ош облусунун Өзгөн районундагы бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны - 32, анын ичинен катышкандары – 29.

               “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына,    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаныгн алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ  Убактылуу жобого ылайык,  төрагалык кылуучу Н. Зулпуев бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш    айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.

    Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна 2 (эки) талапкер Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айыл аймагын түзгѳн айылдык кеңештердин тѳрагалары ат салышкан.

1.Арапов Кушбакбек Ташполотович Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин тѳрагасы;

2.Маматов Каныбек Жолдошбаевич Кара-Таш айылдык кеңештин тѳрагасы;

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды:

1. Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны - 32(отуз эки) түзөт.2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны -29 (жыйырма тогуз).Маматов Каныбек талапкерлигинен баш тартты.Талапкер К.Араповго добуш беришти.Жыйынтыгында:1.    Арапов Кушбакбек Ташполотович - 12 (он эки) добуш алып, катышкан депутаттардын кѳпчүлүк добушуна ээ болгон жок. Шайлоо өткөн жок деп табылды.Кайрадан талапкерлерди сунушталды.      Талапкерликке           Камалов Мирлан жана Токтомуратова Гүльпери көрсөтүлүп добушка коюлдуЖыйынтыгындаКамалов Мирлан 17 добушТоктомуратова Гүльпери 12 добуш. Шайлоонун жыйынтыгы менен Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь бириккен Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна Камалов Мирлан Абдималикович бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин шайланган төрагасы   деп таанылды.

 

   Төрагалык кылуучу:                                                                      Н. Зулпуев.                                      

Сессиянын катчысы: Т. Муратова.