БИРИККЕН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ, КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024– жылдын 22-февралы № 2
Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 22-февралындагы № 2 протокол бекитилсин.
2.Өзгөн районунун бириккен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин шайланган Кайкыев Анварбек Абдимиталипович төрагасынын орун басары деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| М.А.Камалов |
Ош облусунун Өзгөн районундагы бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
№ 2 ПРОТОКОЛ
2024-жылдын 22-февралы Эски-Покровка айылы
Төрага М. Камалов
Сессиянын катчысы Т. Муратова
Катышкандар: 29- депутат. Себебтүү-2 Маматова Угулхан, акимназар кызы Чынара Себебсиз-1 Топчубаев Бектур
Тизме тиркелет:
Ош облусунун Өзгөн районундагы бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын саны - 32, анын ичинен катышкандары – 29.
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаныгн алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобого ылайык, Төрага Н. Камалов бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча ачык добуш берүүнүн тартиби менен тааныштырды.Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Төрага Н. Камалов Депутат Кайкыев Анварбек Абдимиталиповичти сунуштады.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталды:
1. Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы саны - 32(отуз эки) түзөт.2. Ачык добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны -29 (жыйырма тогуз). Шайлоонун жыйынтыгы менен Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь бириккен Кара-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Кайкыев Анварбек Абдимиталипович бириккен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин шайланган төрагасынын орун басары деп таанылды. Төрага: М. Камалов.Сессиянын катчысы: Т. Муратова.