Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 616 токтомуна)
Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануунун тартиби жана ШАРТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануунун тартиби жана шарттары (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагында көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануунун эрежелерин, ошондой эле аларды колдонууга каршы көрсөтмөлөрдү жана чектөөлөрдү аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) азооспермия - эякулятта сперматозоиддердин жоктугу;
2) тукумсуздук - сексуалдык жактан активдүү, контрацепцияны колдонбогон жубайлардын бир жылдын ичинде кош бойлуу болууга жөндөмсүздүгү;
3) көмөкчү репродуктивдик технологиялар (мындан ары - КРТ) - тукумсуздукту дарылоо методдору (жасалма инсеминация, жасалма уруктандыруу жана эмбрионду имплантациялоо), аларды пайдаланууда бойго бүтүүнүн жана эмбриондордун эрте өнүгүүсүнүн айрым же бардык этаптары эненин организминен тышкары (анын ичинде донордук жана/же криоконсервацияланган жыныс клеткаларын, репродуктивдик органдардын ткандарын жана эмбриондорду, ошондой эле карын энеликти пайдалануу менен) жүзөгө ашырылат;
4) жатын ичине жасалма инсеминация - КРТ методу, ал уруктандыруу максатында эркектин жыныстык клеткаларын (спермаларды) жатын көңдөйүнө жасалма киргизүү менен жумуртка клеткаларын бир кыйла активдүү иштеп чыгуу үчүн аялдын энелик бездерин стимуляциялоону билдирет;
5) имплантация - уруктандырылган жумуртка клеткасын жатын көңдөйүнө киргизүү жолу менен жасалма уруктандыруу методу;
6) сперматозоидди интрацитоплазмалык инъекциялоо аркылуу эмбрионду имплантациялоо (мындан ары - ИКСИ) - КРТ методу, мында сперматозоидди жана ооцитти лабораторияда аралаштыруунун ордуна бир сперматозоид бир жетилген ооцитке түздөн-түз сайылат;
7) саламаттык сактоо уюму - мамлекеттик медициналык адистештирилген мекемелер жана КРТны колдонуу менен кызматтарды көрсөтүүгө лицензиясы бар жеке медициналык уюмдар;
8) жыныс клеткалары - эркектин жыныс клеткалары (сперматозоиддер) жана аялдын жыныс клеткалары (жумуртка клеткалары);
9) имплантацияга чейинки генетикалык тестирлөө (мындан ары - ИГТ) - эмбриондорду генетикалык мүнөздөгү кандайдыр бир бузулуулардын болушуна изилдөө ыкмасы;
10) репродуктивдик ден соолук - адамдын тукум улоого жөндөмдүүлүгүн аныктоочу толук дене бойлук, психикалык саламаттыгынын жана социалдык бакубаттуулугунун абалы;
11) репродуктивдик органдар жана ткандар - көбөйүү процессине катышуучу, жашоонун үзгүлтүксүздүгүн жана улануучулугун камсыз кылуучу органдар жана ткандар; аларга атап айтканда жумуртка клеткасы, сперма, энелик без, эркектин урук бези же эмбриондор кирет;
12) репродуктивдик укуктар - жарандардын тукум улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеде же никеден тышкары бала төрөөгө же төрөөдөн баш тартууга, бойго бүтүрүү жана бала төрөө методдоруна карата чечимдерди эркин кабыл алууга, ошондой эле бул чөйрөдө медициналык-социалдык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга укуктары;
13) карын энелик - карын эненин жана потенциалдуу ата-энелердин/ата-эненин биринин ортосундагы келишим боюнча карындагы баланы көтөрүүнү жана баланы төрөөнү өзүнө камтыган КРТ түрү;
14) карын эне - карын энелик келишим боюнча анын генотибин алып жүрбөгөн баланы карында көтөрүп жүрүүчү жана төрөөчү аял;
15) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо, медициналык жана фармацевттик илим, медициналык жана фармацевттик билим берүү, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетекчиликти жана тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу борбордук аткаруу органы;
16) экстракорпоралдык уруктандыруу (мындан ары - ЭКУ) - сперматозоид менен урук клеткасын аялдын организминен сырткары кошуудан, мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон эмбриондун өөрчүшүнөн жана ошол эмбрионду жатынга андан ары имплантациялоодон турган КРТ методу.
3. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган, КРТны пайдалануу менен медициналык жардам акы төлөнүүчү, адистештирилген жана лицензияланган медициналык жардам болуп саналат.
4. Никеде турган жана никесиз аял жана эркек (мындан ары - пациенттер) медициналык кийлигишүүгө эки тараптын маалымдалган ыктыярдуу макулдугу болгондо көмөкчү репродуктивдик технологияларды колдонууга укуктуу. Никесиз аял да медициналык кийлигишүүгө маалымдалган ыктыярдуу макулдугу болгондо көмөкчү репродуктивдик технологияларды колдонууга укуктуу.
5. Жасалма уруктандыруу бойго бүтүүнүн айрым же бардык этаптарында жана эмбриондун организмден сырткары эрте өсүшүндө колдонулган тукумсуздуктан дарылануунун төмөнкүдөй методдору менен жүзөгө ашырылат:
1) жатын ичине жасалма инсеминация (мындан ары - ЖИ);
2) экстракорпоралдык уруктандыруу;
3) сперматозоидди интрацитоплазмалык инъекциялоо аркылуу эмбрионду имплантациялоо;
4) криоконсервацияланган эмбрионду имплантациялоо.
6. Жасалма уруктандырууну жүргүзүү тууралуу маалымат дарыгердик сыр болуп саналат.
7. Жарандар жасалма уруктандыруу процедуралары, анын натыйжаларынын медициналык жана укуктук аспекттери, донордун сырткы көрүнүшү, улуту жана аны медициналык-генетикалык жактан текшерүүнүн маалыматтарын алууга укуктуу.
8. КРТны колдонуу менен кызматтарды көрсөтүүдө аялдардын жана эркектердин, анын ичинде жашы жете электердин сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу шарттарды түзүү камсыз кылынат.