Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 616 токтомуна)
Жыныстык клеткалардын донордугунун, ошондой эле репродуктивдик органдарды, ткандарды жана биоматериалдарды сактоонун жана пайдалануунун тартиби жана ШАРТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жыныс клеткаларынын донорлугунун, ошондой эле репродуктивдик органдарды, ткандарды жана биоматериалдарды сактоонун жана пайдалануунун тартиби жана шарттары (мындан ары - Тартип) репродуктивдик органдарды, ткандарды жана биоматериалдарды сактоо жана пайдалануу маселелерин, анын ичинде донордук жана жыныс клеткаларын пайдалануу шарттарын жөнгө салат.
2. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) биологиялык материал (мындан ары - биоматериал) - тери, кан, репродуктивдик органдар жана ткандар сыяктуу жандуу организмдин кандай болбосун ткандары (жумуртка клеткасы, сперма, энелик бездер, эркектин урук бези же эмбриондор), киндик канынын гемопоэтикалык сөңгөк клеткалары, энелик бездин ткандары, жатын, жатын түтүктөрү, киндик чылбыры жана баланын тондору;
2) биоматериал донору - донор канын, анын компоненттерин, башка донордук биоматериалдар алынган адам, адамдын өлүгү (анын ичинде сперма, жумуртка клеткасы, репродуктивдик органдардын ткандары, жыныс клеткалары, түйүлдүктөр, киндик канынын сөңгөк клеткалары), ошондой эле трансплантациялоо алкагында, анын ичинде Көмөкчү репродуктивдик методдор жана технологиялар үчүн колдонулуучу органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу;
3) биоматериал донорунун донорлук функциясы - донор тарабынан медициналык изилдөөдөн жана биоматериалдарды чогултуу процедурасынан ыктыярдуу өтүү, кандын жана анын компоненттеринин аллогендик донациясын аткаруу;
4) криоконсервация - биоматериалды кийин кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү менен төмөн температурада сактоо;
5) түйүлдүк - адамдын түйүлдүгү уруктангандан баштап 10 акушердик жумага чейин (49 күн);
6) реципиент - башка организмден (биоматериал донорунан) кандайдыр бир биоматериал алган организм;
7) репродуктивдик органдар жана ткандар - өмүрдүн үзгүлтүксүздүгүн жана улантуучулугун камсыз кылган көбөйүү процессине катышкан органдар жана ткандар, атап айтканда аларга жумуртка клеткасы, сперма, эркектин урук бези же түйүлдүктөр кирет;
8) саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо, медициналык жана фармацевттик илим, медициналык жана фармацевттик билим берүү, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатында жетекчиликти жана тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу борбордук аткаруу органы.
3. Жарандар өзүнүн жыныс клеткаларын, репродуктивдик органдарынын ткандарын, эмбриондорду жана биоматериалдарды криоконсервациялоого жана сактоого укуктуу.
4. Репродуктивдик органдарга жана ткандарга, ошондой эле биоматериалдарга карата андан аркы тактика (донордук, криоконсервация, утилдештирүү) жөнүндө чечимди ушул репродуктивдик органдардын жана ткандардын, биоматериалдардын ээси болгон адам тарабынан нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугун жана донордук жана криоконсервациялоо тууралуу келишимди аларды сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен тариздөө аркылуу кабыл алынат.
5. Конкреттүү адамдын тукумун көбөйтүүдөн башка, коммерциялык, аскердик, өндүрүштүк же башка максаттар үчүн адамдын эмбрионун алууга тыюу салынат.
6. Медициналык-генетикалык текшерүүдөн өткөн соматикалык жана психикалык жактан таза жарандар жыныс клеткаларынын жана башка биоматериалдардын донору болууга укуктуу.
7. Жарандар өзүнүн жыныс клеткаларын, репродуктивдик органдарынын ткандарын, эмбриондорун, биоматериалдарын криоконсервациялоого, сактоого жана пайдаланууга укуктуу. Адам каза болгон учурда анын жубайы (жолдошу), атасы, энеси, балдары, бир тууган ага-инилери же эже-сиңдилери тукум улоо максатында сактоодогу жыныс клеткаларын пайдаланууга укуктуу.
2-глава. Жыныс клеткаларын жана биоматериалдарды сактоо тартиби
8. Жыныс клеткаларын жана биоматериалдарды криоконсервациялоо жана сактоо саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген көмөкчү репродуктивдик методдорду жана технологияларды жүргүзүү эрежелери жана шарттары жөнүндө буйрукка ылайык саламаттык сактоо органдары, криосактоочулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Эмбриондорду криоконсервациялоодо медициналык жардам көмөкчү репродуктивдик технологиялар процедурасынын айрым этаптарын (эритилген эмбриондорду имплантациялоо (көчүрүү) процедурасы жана посттрансфердик гормоналдык колдоо) камтышы мүмкүн, мында энелик бездердин фолликулдарын пункциялоо жана ооциттерди алуу, суперовуляцияны стимулдаштыруу, ооциттерди инсеминациялоо үчүн эмбриологиялык лабораториянын болушу, сперматозоидди интрацитоплазмалык инъекция аркылуу эмбрионду имплантациялоо жана invitro (пробиркада) эмбриондорун өстүрүү талаптары зарыл эмес. Биоматериалдарды тоңдуруунун жана эритүүнүн оптималдуу методун тандоо индивидуалдуу аныкталат.
10. Саламаттык сактоо уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыныстык клеткаларды жана биоматериалды криоконсервациялоо шарттарын сактоо жана аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
11. Биоматериалды ташуу үчүн берүү учурунда коштомо катты тариздөө зарыл, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) анонимдүү донордун (донорлордун) аты-жөнү;
2) биоматериалдын түрүн көрсөтүү менен криоконсервациялоо датасы;
3) бейтаптын коддук номери бар маалыматтары;
4) тоңдурулган биоматериалдын сапаты;
5) биоматериалды криоконсервациялоо жана сактоо үчүн чөйрө;
6) ташуу үчүн биоматериал берилген дата;
7) биоматериалды ташуу үчүн кабыл алган адамдын колу.