БИРИККЕН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ, КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024– жылдын 22-февралы № 5
Кара-Таш айыл өкмөтү мекемесин Кызыл-Октябрь айыл өкмөт мекемесине кошулуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргузүү мезгилде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Таш айыл өкмөту мекемеси бириктирүү жолу менен Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси болуп кайра түзүлүүгө макулдук берилсин.
2.Мекеменин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп алуу актысына кол коюу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мекемесинин жаңы дайындалган башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| М.А.Камалов |