Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясынын

 

2024-жылынын 28-майы №8/14

 

“Айры-Там айыл аймагына караштуу Ажек, Кара-Үңкүр айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө”

 

          Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долборлоо институтунун Ош шаарындагы филиалы тарабынан даярдалган, Ажек, Кара-Үңкүр айылдырынын башкы пландарын угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Мурдагы 1-Май айыл аймагы азыркы убактагы Айры–Там айыл аймагынын Ажек, Кара-Үңкүр айылдарынын башкы пландары бекитилсин;

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге жүктөлсүн;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы, айылдык кенештин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешитин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев