Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясынын

 

2024-жылынын 28-майы №8/16

 

“Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бала-бакчаларын азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында атайын каражатына акча каражатын кошуу жөнүндө”

 

          Азык түүлүк бааларынын кескин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу атайын каражат эсебине акча каражатын кошуу жөнүндө айыл өкмөтүндөгү балдар бакчаларында 2024-жылдын 13-май, 15-май күндөрү өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунун протоколдору менен таанышып чыгып, талкуулап, айылдык кеңештин депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:

 

  1. Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала-бакчаларды тамак менен камсыз кылуу максатында атайын каражатына 312500 (үч жүз он эки миң беш жүз) сом акча каражаты кошулсун;

 

  1. Бала-бакчадагы ар бир баланын бир айлык тамак-аш төлөмүнүн баасы орто эсеп менен 900(тогуз жүз) сомдон белгиленсин;

 

  1. Атайын каражат эсебиндеги акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы Айры-Там айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев