Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  VIII сессиясынын

 

2024-жылынын 28-майы №8/17

 

“Айры-Там айыл аймагынын Ажек айылындагы көчөлөрдү түнкү жарыктандырууда АРИС долбоору менен биргеликте кош каржылоо үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө”

 

          Айры-Там айыл аймагынын Ажек айылындагы көчөлөрдү түнкү жарыктандырууда АРИС долбоору менен биргеликте кош каржылоодо 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү боюнча, Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:

 

  1. Ажек айылындагы көчөлөрдү түнкү жарыктандырууда АРИС долбоору менен биргеликте кош каржылоо үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен 605714 (алты жүз беш миң жети жүз он төрт) сом акча каражаты ажыратылсын;

 

  1. Жергиликтүү бюджет жана атайын каражат эсебиндеги акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы Айры-Там айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев