Редакцияот 03.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезексиз  IX сессиясынын

 

2024-жылынын 03-июлу №9/18

 

“Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, сел кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө”

 

         Айры-Там айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-майындагы №54 мыйзамынын негизинде, айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын Жарандык коргонуу комиссияларында кол тийгис акча каражатын бөлүү жөнүндө, М.Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы токтом кылат:

 

  1. 2024-жылга Айры-Там айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, сел кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 1037670(бир миллион үч жүз жетимиш алты миң жетимиш) сом акча каражаты бөлүнсүн;

 

  1. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эффективдүү, сарамжалдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге, ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;

 

  1. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

 

  1.   Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Айылдык кеңешинин төрагасы :

М.Кулуев